Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Токон Мамытов мындай пикирин АКИ-пресс агенттигине берген түшүндүрмөсүндө билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын МАИ кызматкерлери менен орусиялык офицердин ортосунда болгон окуя чектен чыккан көрүнүш.Кыргыз тарап аны орусиялык офицер менен анын жанында жүргөн адамдар мас абалында жасаган тартип бузуу деп эсептээрин жана кайсы өлкөнүн жараны болбосун аткарууга милдеттүү мыйзамдар бар экендигин эске салган Т.Мамытов окуя кыргыз-орус мамилесине шек келтирбегендей кылып иликтенээрин да баса белгиледи. (BD)
10:40 Т.Мамытов: “Кант аскер базасынын кызматкери менен болгон окуя эки тараптын мамилесине доо кетирбегенге аракет кылабыз”