Аталган көргөзмө Бишкек шаарында 25 - 29-апрель күндөрү өтөт. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиришинче жарманкенин негизги максаты Кыргызстандын экономикалык потенциалын көрсөтүү, чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлер аралык алакаларды бекемдеп, мындан аркы соода-сатык мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган. Көргөзмөдө жергиликтүү ишканалардан тышкары башка өлкөлөрдүн жүз элүүдөн ашык компания жана фирмалары чыгарып жаткан продукцияларын сунушташат. (ESu)