Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

“МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ ЖАНА ЖАЗУУЧУ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек “Чыңгыз Айтматов --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/02/DA2934D6-3B89-4A5A-9495-E10AE6C24332.asp жумалыгы” тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, айтматовед Лайли Үкүбаева жооп берди.

-Бүгүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айматовдун 80 жылдык мааракесине карата жумалыктын ачылышы болот экен. Ушул жумалык тууралуу азын-оолак айтып берсеңиз.

-Быйылкы жылда улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов 80 жашка чыгат. Ошого байланыштуу урматтуу президентибиз Курманбек Салиевич Бакиев быйылкы жылды “Айтматов жылы” деп жарыялаган. Ошого байланыштуу бүгүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде ректорубуз Сулайман Кайыповдун демилгеси менен “Айтматовдун жумалыгы” ачылмакчы. Жумалыктын биринчи күнүндө билим жана илим министри Ишенгүл Болжурова, маданият министри Султан Раев, Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Серпил Алпман айым жана Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султановдор келишет. Алар Чыңгыз Айтматовго куттуктоо сөздөрүн айтмакчы.

Бүгүнкү салтанатыбызга Чыңгыз Айтматовдун өзү дагы катышат. Биз бул жумалыктын алкагында “Манас” университетинин студенттеринин арасында үч номинацияда конкурс жарыялаганбыз. Бул Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу илимий докладдарга, Айматовдун чыгармаларынан көркөм окуган студенттер арасындагы конкурс жана үчүнчүсү - Айтматов жана анын чыгармалары жөнүндө оригиналдуу чыгармага сынак. Ошол конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, бүгүн Айтматовдун “Сардал кыз” романы кол тамгасы менен ошол конкурстун жеңүүчүлөрүнө тапшырылат.

Эртең 23-апрелде саат 10до “Чыңгыз Айтматов жана дүйнөлүк маданият” деген тегерек үстөл өтмөкчү. Ага республиканын окумуштуулары Абдыкадыр Садыков, Абдылдажан Акматалиев, Жамгырбек Бөкөшов жана жазуучулар Казат Акматов, Султан Жакеев, котормочу Төлөмүшов жана Түркиядан келген окумуштуулар Орхан Билгин, Лейла Карахан, Гөксел Өзтүрк деген окумуштуулар катышат.

-Бул иш-чаралардын алкагында ушул жуманын аягына чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тасмалар дагы көрсөтүлөт деп уктук. Мына ушул иш-чара ушуну менен эле бүтүп калабы, же дагы күзүндө өтөөрү болжолдонуудабы?

-Кийинки учурларда дагы бул уланмакчы. Бүгүн Түркияда “Кызыл жоолук жалжалым” боюнча тартылган тасма көрсөтүлөт. Эртең “Ак кеме” тасмасы көрсөтүлүп, аягында актерлор жана ал тасманы тарткан оператор Манасбек Мусаев менен жолугушуу уюштурулат.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG