Мындай мыйзамды даярдоого демилгечи болгон Өнөр жай, энергетика жана отун-суу ресурстар министрлигинин түшүндүрмөсү боюнча, Токтогул каскадындагы ГЭСтер менен электр энергиясын ташуучу жогорку чыңалуудагы Улуттук тармакты өзгөчө макамынан ажыратууга “Электр станциялар” жана “Улуттук электр тармактар” ишканаларынын өз менчигин каалагандай башкара албай жаткандыгы себеп болууда. Ушундан улам өзгөчө макамдан ажыраткан жобону Граждандык кодекске киргизүү боюнча бир нече мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңешке сунушталды. Алар кабыл алынса Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө макамы тууралуу 2002-жылы кабыл алынган мыйзам дароо күчүн жоготот. Министрлик андан кийин өкмөттө “Отун-энергетика комплексине инвестицияларды тартуунун кечиктирилгис чаралары” деген токтомду сунуштайт. Анда “Түндүкэлектро”, “Бишкек жылуулук тармагы”, “Электр станциялар” жана Бишкек ТЭЦинин мамлекетке таандык акцияларын бир инвесторго сатуу ылайык деп жазылган. (BD)
13:05 Жогорку Кеңеште Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө макамын жокко чыгарчу мыйзам долбоору даяр