Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

16:10 “Андаш майнингдин” долбоорун эксперттик комиссия жактырды


Талас облусундагы жез жана алтын бар Андаш кенин иштетүү боюнча “Андаш Майнинг компани” долбоорун өкмөттүн эксперттик комиссиясы жактырды. Ал комиссия премьер-министрдин буйругу менен түзүлүп, кенди иштетүү айлана-чөйрөгө зыян алып келет деп кооптонгон жергиликтүү элдин талабын териштирүүгө милдеттендирилген. Адис окумуштуулардан турган комиссия кенди иштетүү жергиликтүү элди кооптондуруучу жагдайга алып келбейт деген бүтүмгө келген. Эми долбоор өкмөттүн тиешелүү министрликтеринин кароосунан өтүшү зарыл.(BD)

XS
SM
MD
LG