Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

18:20 Жер тилкелерин ченеп берүүнү талап кылган тургундарды милиция күчкө салып таратты


Карасуу районуна караштуу Ишкаван айылынан бөлүнгөн жер тилкелерин ченеп берүүнү талап кылган тургундарды түшкө маал милиция күчкө салып таратты. Бул туурасында “Элдик революцияны коргоо” кыймылынын Ош облустук координатору Жыпара Баргыбаева 22-апрелде «Азаттыкка» билдирди. Анын маалымдашынча, бүгүн 30 чакты ишкавандык Ош шаарынын борбордук аянтына «Коррупцияга орун жок!», «Бул жер үчүн өмүрүбүздүн акырына чейин күрөшөбүз!» өңдөнгөн жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгып, облус губернаторунан маселени кечеңдетпестен чечүүнү талап кылышкан. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шакир Зулимов ишкавандыктарга эч кандай күч колдонулбагандыгын, борбордук аянт Ош шаарына карагандыктан, акция уюштуруу үчүн уруксат суроо керектигин, ансыз жарандардын аракеттери мыйзамсыз деп эсептелээрин түшүндүргөндөн кийин пикетчилер милиция тапкан автоунаага түшүп үйлөрүнө кетишкендигин кабарлады. (АТо)

XS
SM
MD
LG