Анын алкагында 6 миңден ашуун нускада уурдалып көчүрүлгөн аудио-видео продукциясы жок кылынат. Мамлекеттик патенттик кызмат бул иш чараны 26-апрель - интеллектуалдык менчик күнүнө карата уюштурууда. Лицензиясы жок аудио-видео кассеталар, ДВД-дисктердин сатылышы менен автордук укук боюнча мыйзамдын жана интеллектуалдык менчик жаатында бир катар эл аралык келишимдерде белгиленген нормалар одоно бузул жатат, деп билдирет патент кызматы.(MSu)