Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

11:25 Министр С.Балкибеков: Электр энергиясы суткасына бир эле жолу өчүрүлүшү керек


Бул тууралуу ушул мүнөттөрдө өтүп жаткан парламенттик угууда Кыргызстандын өнөр жай, отун ресурстары жана энергетика министри Сапарбек Балкибеков билдирди. Укук коргоочу Азиза Абрасулованын жарыкты суткасына айрым жерлерде 13 сааттан өчүрүп жатышканы тууралуу суроосуна министр: “Электр энергиясы күнүнө бир эле ирээт сегиз саатка чейинки убакытка өчүрүлөт деген чечим болгон. Андан башкасынын баары - өзүм билемдиктин натыйжасы жана текшерүүгө алынышы керек”,- деп айтты. (TD)

XS
SM
MD
LG