Депутат мындай пикирин Энергетика жана отун ресурстар министри Сапарбек Балкыбеков тармакты өнүктүрүүнүн 2012-жылга чейинки программасы менен 2025-жылга чейинки стратегиясы боюнча маалымат бергенден кийин билдирди. Анын айтымында, өкмөт программаны так иликтеп иштеп чыкпай, бир гана электр энергияны үнөмдөп, тарифтерди көтөрүү керек деген максатты көздөп даярдаган. Депутат тармакты менчиктештирүүнүн буга чейинки үч баскычы тең өлкөнү жакырдантууга алып келгендигин белгилеп, тармакты менчиктештирүү маселесин парламент чече албайт, өкмөт программаны мурда даярдаган сатып алуучулардын кызыкчылыгы үчүн гана кабыл алдырганга аракет кылып жатат деп, аны референдумга алып чыгууну сунуш кылды. (BD)
12:08 И.Өмүркулов: “Өкмөттүн энергетика боюнча жаңы программасы эч кимди ынандыра алган жок”