Энергетика жана отун ресурстар министри Сапарбек Балкыбековдун бүгүн парламенттик угуудагы билдирүүсү боюнча, буга электр энергиясын өндүрүү деңгээлин 3 миллиард килловат саатка азайтуу зарылдыгынан улам келип чыгууда. Эгер мындай чара көрүлбөсө эмдиги жылдын 1-апрелинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 3 миллиард 200 миң куб метрге түшүп, Токтогул ГЭСи токтоп калышы мүмкүн. Андан тышкары калк электр кубатын пайдалануу көлөмүн бир жарым миллиард киловатт саатка азайтууга милдеттүү. Өкмөт муктаждыкты жоюу үчүн жарым миллиард киловатт сааттык электр энергиясын коңшулардан алууга ниеттенип турат. (BD)