Манастаануу боюнча коомдук академия Улуттук "Манас ордо" комплексинин директору Ормошбек Чоюнбаевдин жетекчилиги астында уюшулду. Коомдук академияны уюштуруу демилгесин Кыргызстандын Эл мугалими Бектур Исаков көтөргөн. Алтай Бөрүбаев, Советбек Байгазиев, Абдылдажан Акматалиев, Сулайман Рыспаев, Абдыкерим Муратов, Бексултан Жакиев, Кален Сыдыкова сыяктуу таанымал окумуштуулар коомдук академиянын ардактуу мүчөлөрү болуп шайланды. Андан сырткары академиянын колдоосу астында он беш жаш окумуштуу Манастаануу илимин өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча китептерди чыгарып, илимий иштерди коргой баштады. 16-17-майда Манас Ата шеринеси өткөрүлөт, ага ардактуу мүчөлөр жана кызыкдар тараптар чакырылып, академиянын ишин жолго коюу жөнүндө кеп-кеңеш болот. Академия манастаануу тармагындагы алдыңкы илим-изилдөө иштерине активдүү катышкандарга «Айкөл Манас» төш медалын, «Манас ата» сыйлыгын жана «Коомдук Манастаануу академиясынын академиги» деген ардактуу наамын ыйгарып турмакчы. Бул жөнүндө «Азаттыкка» кыргыз ичинде көрүнүктүү педагог Бектур Исаков билдирди. (KCh)