Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

16:07 “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин директору алмашты


“Кабар” улуттук маалымат агенттигинин директору Надыр Момунов кызматынан кетип, анын ордуна Нарын Айып дайындалды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” бүгүн Нарын Айып да, Надыр Момунов да ырасташты. Н.Айыптын айтымында, президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов бүгүн аны маалымат агенттиктин жамааты менен тааныштырды. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, ал эми агенттиктин ишин жакшыртуу үчүн тажрыйбалуу журналисттерден кеңеш сураарын билдирди. Н.Момунов болсо “Кабар” агенттигине эки жыл иштегени жетиштүү деп эсептээрин айтты. Нарын Айып менен Надыр Момунов экөө тең буга чейин “Азаттыктын” кабарчылары болуп эмгектенишкен. (BD,TD)

XS
SM
MD
LG