21-апрелде болгон жолугушуу маалында кыргыз элчиси президент Мушаррафка Кыргызстандын президенти К. Бакиевдин атынан анын өзүнүн колу коюлган китепти тапшырды. Элчи ошондой эле П. Мушаррафты улуттук парламентке шайлоонун ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Тараптар саясий, экономика жана гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жолдорун талкуулашты. П. Мушарраф Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын ортосунда Пакистандын порт шаарларына чыга турган транспорттук коридор жөнүндө ой-пикирин бөлүштү. Анын айтымында, мамлекеттердин ортосунда темир жана автомобиль жолдорунун бар болгондугу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн гана эмес, элдердин ортосундагы карым-катнашты өнүктүрүү үчүн мааниси чоң. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.(KCh)