Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

TAPI ДОЛБООРУНУН КЕЛЕЧЕГИ БАРБЫ?


Индиянын, Пакистандын, Түркмөнстандын жана Ооганстандын ырасмий өкүлдөрү аталган төрт өлкөнү туташтыра турган газ --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/5BF81FCE-0EA4-48FF-8355-F996A0DDF882.asp долбоорунун келечегин талкуулаганы Исламабадга чогулушту. Бул идея мындан он беш жылдай илгери жаралган эле, бирок ооган жериндеги кырдаалдан, ошондой эле Пакистан менен Индиянын ортосундагы мамилелерден улам кыял бойдон калган болчу. Тараптар, кыязы, эми бул долбоордун тагдырын аныктоонун мөөртү келди деп чечишкен сыяктанат.

Түркмөнстандан Ооганстанга, андан ары Пакистан менен Индияга, атүгүл Арап деңизине чейин газ кууру тартылса, мындан, арийне, бардык тарап, биринчи кезекте Ашхабат чоң пайда тапмак. Буга Россия аркылуу Европага, коңшулаш Иранга, күн чыгышта Кытайга чыкчу долбоорлорду кошкондо Түркмөнстан Евразиядагы газ экспорттогон эң чоң өлкөгө айланмак.

Деген менен TAPI (Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия) долбоорунун багын ачуу үчүн ооган жеринде абалды өзгөртүү талап кылынат. “Эгер Ооганстандагы азыркы коопсуздук кырдаалын эске алсак, анда бул пландын жакын арада ишке ашып кетери кыйындай көрүнөт, - дейт кабулдук эксперт Валиулла Рахмани. – Газ кууру Кандагар жана Герат аркылуу өтүшү керек. Бирок түштүктөгү шаарлар менен аймактарда абал абдан туруксуз”.

Баштапкы пландарда Түркмөнстандын Даулетабад шаарчасынан баштап Ооганстан аркылуу Пакистанга, Индияга чейин 1600 чакырым аралыкта газ куурун жаткыруу каралган. Орто жолдо алты жерге атайын станция куруп, экспортко жылына 33 миллиард кубометр “көгүлтүр отун” чыгарса болору аныкталган. Бир эле Даулетабад кениндеги газдын запасын америкалык Unocal компаниясы 1997-жылы 700 миллиард кубометр өлчөмүндө баалаган. Курулуштун наркы 6 миллиард долларга түшмөк жана 2018-жылга чейин толук бүтмөк. Долбоорду Азия өнүктүрүү банкы каржыламак.

TAPIден Пакистан өзүнүн керектөөсүн камсыз кылмак, Индияга, керек болсо Арап деңизине,андан ары Кытайга чейин түркмөн газын чыгарып, өткөөл өлкө катары чоң олжо тапмак. Индия болсо ушу тапта өзүнүн газ тармагындагы муктаждыгынын 50-60 процентин араң камсыз кылат. TAPI ага керектөөсүн толук жапканга шарт түзмөк. Ошондуктан ырасмий Дели буга чейинки сүйлөшүүлөргө тек гана байкоочу иретинде карап келсе, жакында ага толук катышууну чечти.

Иши кылып, TAPIнин келечеги жана мүмкүнчүлүгү чоң. Анын бир гана каскагы – Ооганстан. “Бул долбоор ооган экономикасы үчүн өлчөөсүз жетишкендик болору талашсыз, - дейт эксперт Рахмани. – Ошондуктан президент Карзайдын өкмөтү ага өзгөчө маани берип, өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салууга бар күчүн сарпташы керек”.

Исламбаддагы сүйлөшүүлөрдө курулуштун ар түрдүү өңүттөрү сөз болот, баарыдан мурда анын коопсуздугун камсыз кылуу маселесине көңүл бурулат. Долбоорду жүзөгө ашыруу иштери, арийне, жакынкы аралыкта башталып кетери күмөн, бирок эски пландын кайрадан күн тартибине чыкканы эле Ашхабатты көп нерсеге үмүткөр кылууда.

XS
SM
MD
LG