Ош шаардык соттун канцеляриясынан билдиришкендей, соттук териштирүү Эски-Ноокат айылында болот. Буга чейин маалымдалгандай, бул иш боюнча медицинанын 14 кызматкерине айып тагылды. Тергөөнүн жүрүшүндө ВИЧ-инфекциясы 41 балага жугузулганы аныкталган. Ош облусунун ооруканасында ВИЧтин балдарга массалык түрдө жугузулганы өткөн жылдын жай айында белгилүү болгон. Тергөөнүн пикиринде, ВИЧ жугузулган ооруканаларда таза эмес медициналык аспаптар колдонулган жана доктурлар кесибине шалаакы мамиле жасашкан.(MSu)