Программа парламенттеги “Ак жол” фракциясы тарабынан кабыл алынды. Анткени социал-демократиялык жана коммунисттик фракциянын депутаттары сессиядан чыгып кетишти. Алар программаны кеңири талкууга мүмкүнчүлүк берилбегенине нааразы болуп, залдан чыгып кетишти. Андан кийин төрага Адахан Мадумаров депутаттарды кайра каттоо өткөрүп, “Ак жол” фракциясы 64 добуш менен программаны кабыл алды. Программада энергетика тармагын 2025-жылга чейин өнүктүрүү каралган. (AiT)