Анда Россиянын Тышкы иштер министрлигинин позициясы таңданууну жаратып жатканы билдирилген. Белгилүү болгондой Жогорку Кеңеш 1916-жылдагы улуттук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүү күнүн белгилеген. Россиянын тышкы иштер министрилиги кыргыз парламентинин мындай чечими эки өлкөнүн мамилесине терс таасирин тийгизерин билдирген. Жогорку Кеңеш бүгүн кабыл алган кайрылууда орус тышкы иштер министрлигинин мындай позициясы таңкалыштуу экенин белгиленди.(AiT)