Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

17:55 Чүйдүн айылдарына каттоочу айдоочулар жол кирени каалагандай көтөрүп алышкан


Бүгүн губернатордун орун басары Турусбек Султаналиев, «Чүйдүн айылдарына баруучу транспорттор мурдагы эле кол киренин эсебинде жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. Азырынча Чүй аймагында жол киреге байланышкан маселе көтөрүлө элек», - деп билдирди. Бирок аймактагы тургундар эки айга жакын аралыктан бери жол акысына 5 сомдон 15 сомго чейин кошулганын айтышууда. Кемин-Бишкекке карата жол кире мурун 50 сом болсо, азыр 60 сомго көтөрүлгөн. Ал эми Панфилов районунун тургуну Эмир Аманкуловдун айтымында, жол кире он беш сомго жогорулаганына бир жарым ай болуп калган. (JJ)

XS
SM
MD
LG