Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

18:06 Нарын шаарында “Жаңылыктардын алипеси” аттуу окуу-тренинг башталды


Нарын шаарындагы “Нарын kg” медиа ресурс борборунда ишин баштаган окуу тренингге жергиликтүү журналисттер, студенттер жана бейөкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Журналисттин этикасы, укук милдеттери жана коопсуздугу, маалымат алуудагы ар тараптуулук багыттары боюнча окуу-тренинг үч күнгө созулмакчы. Окууну “Азаттык медиа” институтунун директору Кубат Оторбаев өткөрүп жатат. “Нарын kg” медиа борборунун координатору Чынара Токтогулова мындай саамалык Нарында биринчи жолу болуп жаткандыгын белгилейт. Айтмакчы, соңку жылдарда жергиликтүү Нарын телерадио компаниясынын, “Теңиртоо” гезитинин, “Алмаз-Нарын” радиосунун айрым журналисттеринин үстүнөн соттук териштирүүлөр болуп өткөн. (KUs)

XS
SM
MD
LG