Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

18:22 Кыргыз-өзбек чегараларын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия Жалалабат облусунда болду


Коңшу мамлекеттердин чегараларын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия адегенде Өзбекстандын Кемпирабад суу сактагычынын Өзгөн районуна караштуу бөлүктөрүн карап чыгышты. Кийин Сузак району менен Өзбекстандын ортосунда турган Тешикташ аттуу жерди көрүштү. Аларды губернатордун биринчи орунбасары Жаныш Курбанов кабыл алып, ал өкмөттөр аралык комиссиядан чегара маселесин батыраак чечүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, ар түрдүү келишпестиктер менен түшүнбөстүктөр жана ызы-чуулар чегаранын такталбагандыгынан улам болуп жатат. Мындай маалымат 24-апрелде Тышкы иштер министрлигинин облустагы өкүлү Замир Садировдон алынды. Анын белгилешинче облус Өзбекстан менен 714 чакырым жерде чектеш жана анын 59 чакырымы гана аныкталган. Кыргыз-өзбек чегарасында тактоону талап кылган 20 жай бар. (YA)

XS
SM
MD
LG