Мындай пикирин курулуш жана архитектура боюнча агенттиктин мурунку башчысы Ишенбай Кадырбеков бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бүгүн түштөн кийин финансылык полициянын кызматкерлери анын иниси Нарынбек Дүйшембиевди кармоого аракет жасашкан. Бирок ал Кадырбеков эмес, анын иниси экени тууралуу документин көрсөткөндөн кийин кое берип жиберишкен. Кадырбековдун пикиринде, Каржы полициянын мындай аракети ал оппозицияга өтүп, 12-апрелде элдик курултайга катышкандан кийин башталды. “Кочкор жана Баткен райондорундагы жер титирөөлөрдөн кийин курулган мектептерге байланыштуу кылмыш иши козголуп, мени менен иштеген адамдардын суракка чакырылып жатканын укканмын. Бирок мага карата кылмыш иши козголгону тууралуу кабарым жок. Эч кандай маалымат берилген эмес. Ошондуктан инимди кармап кетүү аракети - коркутуунун жолу”, - деп белгиледи Кадырбеков. Ал ошондой эле 25-апрелде Каржы полицияга өзү келип, кандай маселе бар экенин териштирүүгө аракет жасаарын кошумчалады. (AiT)