Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Армения бүгүн "армян геноцидинин күнүн" белгилөөдө


Армения Түркияда Осмон империясы бийликте турганда, 1915-жылдан кийин армяндардын массалык кыргынга учурашын геноцид деп эсептейт. Түркия болсо мындай ырастоо менен макул эмес. Бул окуя боюнча талаш эки өлкөнүн алакасына олуттуу көлөкө түшүрүп келүүдө. Армян президенти Серж Саркисян бүгүн Еревандагы жыйында сүйлөгөн сөзүндө, анын өлкөсү армяндардын кырылышын Түркиянын каршылыгына карабай эл аралык коомчулук геноцид таанышы боюнча аракетти уланта берерин билдирди. Өткөн кылымдын башындагы массалык кыргынды 20дан ашуун өлкө, анын ичинде Орусия, Германия, Франция, Канада геноцид катары тааныган.

XS
SM
MD
LG