Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Түркмөнстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү абзел


Бул тууралуу бүгүн өлкө президенти Гурбангулы Бердымухаммедовго шилтеме берип, мамлекеттик маалымат каражаттары кабарларды. Президенттин сөзүнө караганда, Түркмөнстан өлкө Конституциясын "саясий укуктук жактан терең өзгөртүүгө" бүгүнкү талаптарга жооп берүү үчүн муктаж. Бирок президент конкреттүү кандай өзгөртүүлөр жасаларын айткан эмес. Мунун алдында президент бүгүн кадимки салттуу календарды калыбына келтирген эле. Жалпысынан бийликте 21 жыл турган мурдагы президент, маркум Сапармурат Ниязов айлардын жана апта күндөрүнүн атын кезинде өзгөртүп салган болчу. Маселен январь айы Түркмөнбашы, апрель айы Ниязовдун энесинин ысымы менен, сентябрь айы китеби "Рухнаманын" аты менен аталган.

XS
SM
MD
LG