Орусиянын дарегинде Грузиянын таанылбаган жикчил аймактары менен байланышты күчөтүү боюнча өз пландарын токтотуу жөнүндөгү чакырык Британия, Германия, АКШ, Франция БУУнун Коопсуздук кеңешинин кечээги жыйынынан кийин кабыл алган билдирүүдө айтылат.
Орусиянын Улуттар уюмунундагы элчиси Виталий Чуркиндин жыйындан соң билдиргенине караганда, алардын максаты - Абхазия менен Түштүк Оссетияны аннексиялап алуу эмес, алардын экономикалык жактан өнүгүшүнө көмөктөшүү. Ал эми Грузиянын тышкы иштер министри Давид Бакрадзенин айтымында, грузин өкмөтү "бул эки жикчил чөлкөмдү Орусиянын аннексиялап алууга жакындап келе жаткандыгынын өтө кооптуу белгилерин" көрүүдө. БУУнун Коопсуздук кеңеши кечээ Орусия менен Грузия ортосундагы соңку кризисти талкуулоо үчүн чогулду. Буга Грузиянын алардын учкучсуз башкарылган учагын Абхазиянын үстүнөн атып түшүргөндгү үчүн Орусияны айыптоосу себеп болду.