Президент К. Бакиевдин катышуусу менен өтө турган бул иш чарада республиканын сот системасын реформалоонун мындан аркы кадамдары жана аны өнүктүрүүнүн өзгөчө актуалдуу маселелери талкууланат. Ошондой эле жыйындын күн тартибине ылайык, Соттор кеңеши шайланып, анын регламенти кабыл алынат. Соттор кеңеши соттук өзүн өзү башкаруунун эң жогорку органы болуп саналат.(MSu)