Бүгүнкү курултайда мамлекет башчы соттордун көз карандысыздыгын бекемдөө үчүн мамлекет тарабынан көп аракеттер жумшалганын билдирди. Курманбек Бакиев өткөн жылы реформаланган Башмыйзамда соттордун дайындалышы жана шайланышы тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизилгенин белгилеп, сот системасы өз бюджетин өзү түзүүгө мүмкүнчүлүк алганын белгиледи. Мындан тышкары сот кызматкерлеринин айлыгынын көрүнүктүү деңгээлде көбөйүшү сот тармагындагы жеп-ичмейди азайтууга мүмкүнчүлүк берип жатканын, сот имараттарын куру жана оңдоо иштери жүргүзүлгөнүн да кошумчалады. Ал эми жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, талдоочулар Кыргызстанда сот системасы дагы деле бийликтен көз каранды боло албай келе жаткандыгын, тармакта коррупция гүлдөп өнүгүп аткандыгын белгилеп келишет. (ZKo)