Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:04

14:30 Аскарбек Шадиев: Мыйзам чыгаруучулардын палатасы өзүбүз мыйзам бузуп жатабыз


Бүгүн парламент кечээ караган “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу” мыйзамында өлкөдөгү телеканалдардын көрсөтүүлөрүнүн кеминде 50% телеканалдын автордук программалары болуп, алар мамлекеттик, же расмий тилде болууга тийиштиги белгиленген. Бүгүн депутаттар мыйзамдын 8-абзацына өзгөртүү киргизип, теле жана радио программалар мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде болушу керек, деп бекитишти. ЖК депутаты Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңеш бул мыйзамга келгенде аны кайрадан карап, мыйзамды жана парламенттин регламентин бузуп жаткандыгын айтты. ЖК спикери Адахан Мадумаров “мыйзам чыгаруучулар өзүбүз мыйзам бузуп жатабыз” деп айтуу туура эмес болуп калат” сыңарында айткан сынына депутат кайра дагы “биз мыйзам чыгаруучулар өзүбүз мыйзам бузуп жатабыз” деп кайталап жооп берди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG