Өкмөт айыл жерлерине дарыгерлерди тартуу максатында түрдүү программаларды кабыл алган. Алардын бири “Дарыгерлердин депозити” долбоору акырындык менен ишке кирүүдө. Бул тууралуу билдирген саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов ай сайын депозит катары төлөнүүчү 3 000 сомду да аз көрүп, айыл жерлерине барып иштөөнү каалоочулар аз болуп жаткандыгын белгиледи. Түштүк облустардан адис дарыгерлер айлык акынын аздыгынан Орусияга, Казакстанга иш издеп кетип жаткандыгы айтылып келет. (ZKo)