Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

16:02 Сулайман тоого асма жол салынбайт


Бул тууралуу Ош шаар мэри Ж. Исаков президенттик администрацияга жолдогон билдирүүдө айтылган. Мындай билдирүүнү бүгүн маданият жана маалымат министри Султан Раев Ош шаарындагы Сулайман тоосунун кийинки тагдырына арналган атайы жыйында окуду. Анда: “Маалымат каражаттарында, интернет баракчаларында Сулайман тоосуна асмажол салынаары тууралуу айың кеп таркаган. Айтылып жаткан сөздөр эч негизсиз, Сулайман тоосундагы бардык ыйык жерлерди сактап калуу шаардык мэриянын өзгөчө көзөмөлүндө экенин билдиребиз”,- деп жазылган. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине кирген Кыргызстандагы алты маданий-жаратылыш эстеликтеринин ичинде Сулайман тоосу да бар. Эларалык уюм эгер Сулайман тоонун табигый көрүнүшү сакталып калса дүйнөлүк маданий-жаратылыш эстеликтеринин катарына кошууга макул. Бирок ыйык тоонун бооруна асма жол салынып, жанында бийик имарат курулуп калса тизмеге кирбей каларын эскерткен эле. (ESu)

XS
SM
MD
LG