Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

17:36 Жөө жүрүшкө кошулуу үчүн Нарындан 70ке жакын адам 26-апрелде Балыкчыга жол тартат


“Ыйык Ата Журтту коргоо” комитети тарабынан уюшулуп жаткан Ысыккөл-Бишкек жөө жүрүшүнө кошулуу үчүн Нарындан 70ке жакын адам эртең Балыкчыга жол тартат. “Тирүү болсок баарыбыз бир дөбөдө бололу, өлүү болсок баарыбыз бир чуңкурга тололу” деген ураан алдында кыргыздын жерлерин, пансионаттарынын сатылышына, электр тармагынын менчиктештирилишине каршылыгыбызды көрсөтүү үчүн көлдүктөргө кошулабыз деп маалымат берген Коомдук парламенттин мүчөсү Урмат Акунов жергиликтүү бийлик тарабынан ыдык көрсөтүүлөр, бут тосуулар күтүлүп жаткандыгын кошумчалайт. Ал эми губернатордун биринчи орун басары Мирадил Бакашев “алар менен ишибиз жок, коопсуздугун сактоого болсо негиз жок, бут тосуу деген жалган жалаа”,- деп билдирди. (KUs)

XS
SM
MD
LG