Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

19:15 Жетиөгүздө, Тоңдо жүрүшкө катышууну каалагандарга кысым көрсөтүлүүдө


“Ата мекен” партиясынын жергиликтүү уюмунун мүчөсү Учкун Шакиловдун маалыматы боюнча милиция тарабынан делегаттарды ташуучу автоунаалардын айдоочуларын коркутуп-үркүтүү, тиешелүү документтерин тартып алуу аракеттери болууда. “Жергиликтүү бийлик элди жүрүшкө катышпоого үндөп жатат. “Ата Мекен” партиясынын эртең Түптө болуучу облустук жыйынын үзгүлтүккө учуратуу үчүн дүжүрлөрдү даярдап атат, деген маалыматтар бар”, дейт Учкун Шакилов. ИИМ басма сөз кызматы болсо бул маалыматтарды төгүнгө чыгарууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG