ЖКдагы эки фракциянын депутаттары Бишкектин Ленин райондук сотунун төрайымы Максуда Омаровага жолдогон кайрылуусунда белгилүү саясатчы, кыргызга таанымал инсан Ишенбай Кадырбековдун ИИМ тарабынан камакка алынганын белгиленип, кандай күнөө коюлган чакта да аны камакка алуу жалпы коомчулукта ар кандай шектенүүлөрдү туудурбай койбостугу айтылат. Ошондой эле ал эгерде күнөөсү болсо мыйзам алдында жооп бериши керектиги белгиленип, аны камап коюунун зарылчылыгы барбы деген суроо коюлат. Кайрылуунун соңунда депутаттар мыйзам чегинде эч бир жакка качып кетпейм деген кепилдик менен Ишенбай Кадырбековду камактан боштууну соттон суранышкан.(SM)
10:05 СДП жана Коммунисттер фракциялары И.Кадырбековду бошотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды