Шаардагы областтык акимчиликтин алдында жөө жүрүш акциясына келгендер менен кошо аларга байкоо салып турган “Мунаса” коомдук уюмунун лидери Бакыт Рыспековду да милиция кармап кеткен болчу. Бирок милиция аны бир саатка жетпей эле бошотуп жиберди. Бакыт Рыспековдун өзүнүн айтымында, шаардык милиция бөлүмүндө анын аты-жөнүн, чоо жайын тактап чыккандан кийин кетүүгө уруксат беришкен. Коомдук парламент мүчөсү Урмат Акунов жана аны менен кошо кармалган төрт адам милиция бөлүмүнөн чыгыша элек. (KCh)