Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

13:37 ИИМ: Ысыккөлдүн тургундары президент К.Бакиевге кайрылуу жолдошту


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Ысыккөл облусунун тургундарынын президент Курманбек Бакиевге жолдогон билдирүү-катын таратты. Катта республикадагы саясий жана социалдык туруктуулук орун алганы, кыргыз эли ачык коомдун шартында жашап жатканы, ушул тапта жазгы талаа иштери жана туристтик сезонго карата даярдыктар башталганы айтылат. “Конституциянын кепили катары биз президентке мыйзамдуулуктун, бейкуттуктун, туруктуулуктун сакталышы үчүн жана башаламандыкка жол бербөө үчүн өз кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамсыз жөө жүрүш жана пикеттердин уюштуруучуларына карата чара колдонууну өтүнөбүз”, деп айтылат бүгүн таратылган билдирүүдө. Билдирүүгө Каракол Ветерандардын шаардык кеңешинин төрагасы Орозбаев С.О., Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Турдумамбегов С.Ж. жана ТОСтун төрагалары кол койгон. (ZMa)

XS
SM
MD
LG