Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

15:20 Жөө жүрүш убактылуу токтотулду


Түптө жөө жүрүш уюштурган оппозиция лидерлери бүгүн түштөн кийин ушундай чечим кабыл алды. Ага атайын даярдалган чагымчылардын жүрүшкө чыккандарга тоскоолдук кылышы себеп болду. Ошондой эле Сарыбулак айылында да аларды чагымчылардын тобу күтүп тургандыгына байланыштуу жүрүштү убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды. Жүрүштү уюштурган “Ыйык Ата Журтту коргоо” комитетинин штаб башчысы Азимбек Бекназаров “Бийлик эч нерседен кайра тарпайт, ошондон улам элдин кызыкчылыгы үчүн жүрүштү убактылуу токтотуууга мажбурбуз, бирок бул башталышы гана, биз күрөштү уланта беребиз”, - деп билдиргенин учурда Түптө жүргөн кабарчыбыз Аманбек Жапаров билдирди.(SM)

XS
SM
MD
LG