Бүгүн Нарын-Балыкчы багыты боюнча да жөө жүрүш башталган. Бирок анын демилгечилеринин бири, коомдук парламенттин мүчөсү Урмат Акуновду жана төрт адамды милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Аларга кошуп “Мунаса” укук коргоо уюмунун жетекчиси Бакыт Рысбеков да кармалып, көрсөтмө бергенден соң бошотулган. Кармалгандардын ишин бүгүн кечке жуук Нарын шаардык соту карап, эскертүү берүү менен бошотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген Урмат Акунов мындай эскертүүгө макул эместигин, алар эч кандай мыйзамсыз иш жасабаганын, жүрүш тууралуу тиешелүү тараптарга алдын-ала эскертилгенин кошумчалады.(SM)