"Нью-Йорк Таймз" гезитине берген көлөмдүү маегинде Ооганстандын президенти Хамид Карзай АКШдан талибдерди жана алардын колдоочуларын камакка алууну токтотууну суранды. Карзай терроризм коркунучу ооган кыштактарында эмес талибдер менен “ал-Каиданын” Пакистандагы уюктарында экендигин белгиледи. Бүгүн Ооганстанда бомба жарылып, үч тартип коргоочу жана талибдер деп шектелген төрт киши набыт кетти.