Анда БШК былтыр 16-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын толук түрдө ушул күнгө дейре жарыялай электиги белгиленип, аны тез арада жарыялоо зарылдыгы айтылат. Партия төрагасы Турсунбай Бакир уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, шайлоонун толук жыйынтыгы али күнчө жарыялана электиги ар кандай суроолорду пайда кылууда. Эгер мындай жыйынтык жарыяланса партия өз протоколдору менен расий маалыматтарды салыштырып, алар канчалык дал келген-келбегенин аныктамак. Шайлоо жыйынтыгы жаап-жашырылып атат деген мындай дооматтар менен БШКга буга чейин да “Ата Мекен”, “Ар намыс” партиялары кайрылган. БШК болсо ага парламенттик шайлоо тыянактарына негизсиз дооматтар коюлууда жана бул мыйзамдагы жоболорду туура эмес чечмелөөдөн келип чыгууда деп жооп берген.(SM)