Жолугушуу эмки шейшембиде Баткенге чектеш Тажикстандын Исфара шаарында өтмөкчү. Анда чек ара, жер, сууга байланышкан талаштуу маселелер талкууланмакчы. Ошондой эле тараптар диний экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү маселелери боюнча да сүйлөшүшөт. Жолугушууга эки тараптын коопсуздук кеңешинин катчыларынан сырткары кошуналаш Баткен жана Согду облусунун жетекчилери, улуттук коопсуздук, чек ара, ички иштер кызматтарынын аймактагы башчылары катышмакчы. (SM)