Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

13:50 Азык-түлүк коопсуздугу боюнча парламенттик угуу өтөт


“Ак жол” фракциясынын демилгеси менен уюштурулуп жаткан бул парламенттик угууда өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга, азык-түлүк бааларынын кымбаттап жатышына байланышкан маселелер козголот. Эмки шаршембиге белгиленип жаткан бул жыйынга өкмөттүн тиешелүү мүчөлөрү да катышмакчы. Бул тууралуу өткөн жума күнкү парламент жыйынын соңунда төрага Адахан Мадумаров билдирип, быйыл канча жерге буудай айдалганы, мамлекеттик казынада канча дан бар экени тууралуу маалыматтарды угуу боюнча көпчүлүк депутаттардан сунуштар түшүп жатканын кошумчалаган. (SM)

XS
SM
MD
LG