Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:04

15:40 “Ыйык жерди коргоо” комитети Түптөгү окуяга баа берет


Аталган уюмдун штаб башчысы Азимбек Бекназаров комитет мүчөлөрү жакын арада чогулуп, Түптөгү кечээки окуяларга, чагымчыл аракеттерге өз баасын берээрин бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Ошондой эле комитеттин мындан аркы кадамдары боюнча кандай чечимдер кабыл алынганы тууралуу маалымат жыйынын өткөрөт. Кечээ аталган комитет “Акыйкат үчүн” кыймылы жана бир катар саясий партиялар менен бирге Каркыра жайлоосундагы жердин жана Ысыккөлдүн жээгиндеги 4 пансионаттын берилишине каршы Түп районунда жөө жүрүш баштап, бирок аны убактылуу токтоткон. Уюштуруучулар ага бийлик атайын уюштурган топтун чагымчыл аракеттери себеп болгонун билдиришкен. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо чагым уюштурулбаганын айтышып, мындай аракетти жергиликтүү калк оппозицияны каалабастыгы менен түшүндүргөн.(SM)

XS
SM
MD
LG