Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарындан аталган комитеттин төрайымы Асыл Жаманова билдирди. Комитет Ишенбай Кадырбековду тез арада абактан бошотуу талабы менен ар кандай нааразылык иш чараларын уюштурууну болжоодо. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековго каржы полициясы аталган кызматта тургандагы иштери боюнча Эсеп палатасынын иликтөөсүнүн негизинде кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Ал жума күнү камакка алынып, анын эртеси Ленин райондук соту аны убактылуу тергөө абагында кармоо мөөнөтүн он күнгө узарткан. Айрым саясий ишмерлер бул окуяны саясий куугунтук катары баалашууда.(SM)