Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

8:40 Электр кубатын үнөмдөө планы даярдалат


Өткөн ишембиде өкмөт башчы Игорь Чудинов баштаган топ Камбарата-2 ГЭСиндеги курулуш иштери менен таанышып, ошол жерде көчмө кеңешме өткөрдү. Ага өкмөттүн тиешелүү мүчөлөрү, 7 облустун губернаторлору катышты. Кеңешмеден кийин премьер-министр Игорь Чудинов журналисттердин суроолоруна жооп берип, анда электр кубатын үнөмдөө планын даярдоо белгиленгенин билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, Токтогул суу сактагычында азыр алты жарым миллиард кубметр суу бар. Келип жаткан суунун көлөмү болсо суткасына 235 миллион кубметрди түзөт жана ал былтыркыга салыштырмалуу эки жарым эсеге аз. Гидрометеорологдор берген маалыматка караганда, жайкы мезгилде 9 миллиард кубметр гана суу келет. Премьер-министр ошондой эле өлкө ичиндеги пайдалануу үчүн жайкы мезгилде төрт жарым миллиард кубметр суу коротулаарын эсепке алганда жайында келе турган суу жетпестигин, октябрь айына чейин 11,5 милиард кубметр суу топтоо зарылдыгын айткан. (SM)

XS
SM
MD
LG