Полиция өз кызын 24 жыл бою жертөлөдө кармап, андан 7 балалуу болгон 73 жаштагы адамды камады. Прокурордун маалымдашынча, 42 жаштагы Элизабет Фритцль өз атасын көптөгөн кылмыштар үчүн күнөөлөп жатат. Бул окуя апрелдин башында 19 жашар кыз ооруканага түшкөндөн кийин ачыкталган.