Олимпиада оту Түндүк Кореянын борборуна – Пхеньян шаарына келди. Уюштуруучулардын айтымында, бүгүн оттун 20 чакырымдай жолун жүз миңдеген адам коштоп турмакчы. Коммунисттик Түндүк Кореянын бийлиги анти-кытайлык демонстрацияларды каттууу сындап келет. Быйыл Олимпиада отунун дүйнө жүзү боюнча сапары Кытайдын Тибеттеги саясатына каршы чыккандардын иш чаралары менен коштолууда. Олимпиада оюндары быйыл август айында Бээжинде өтмөкчү.