Ооганстандын баш калаасында кечээ мурдагы Советтер Союзу колдогон бийликтин кулашынын 16 жылдыгына арналган аскерий салтанат учурундагы кол салуудан 3 адам окко учуп, дагы 10 киши жаракат алды. Мерт болгондордун арасында парламент мүчөсү да бар. Кандуу кол салуудан ооган президенти Хамид Карзай аман калды. Бул чабуул үчүн жоопкерчиликти талибдер өз мойнуна алышты. Алардын билдиришинче, аны 6 адамдан турган топ ишке ашырып, үчөө каршы атылган октон ажал табышкан.