Бул тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Болот Шерниязов билдирди. Анын айтымында, координациялык кеңештин мүчөлөрү бүгүн түшко чейин боло турган чогулушта Түптөгү окуяны талкуулоо менен ал боюнча маалымат жыйынын өткөрүшөт, же билдирүү таратышмакчы. 26-апрелде бир катар саясий партиялар Каркыра жана Ысыккөл жээгиндеги төрт пансионаттын Казакстанга берилишине каршы жөө жүрүш акциясын уюштурушкан. Анын учурунда айрым атуулдар акциянын катышуучуларына кол салышкан. Натыйжада жөө жүрүш токтотулган. (AiT)