Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

13:33 Ош губернаторунун мурдагы биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев 5 жылга кесилди


Ош облусунун губернаторунун мурдагы 1-орунбасары Кушбак Тезекбаев күчөтүлгөн тартипте 5 жылга абакка кесилди.Ал Жалалабат шаардык сотунун өкүмү менен кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча айыптуу деп табылды. Мындай маалымат шаардык соттун кабылдамасынан алынды. Ишти караган судья өкүм тууралу түшүндүрмө берүүгө убакыты жоктугун билдирди.Тезекбаевге Орусиядан келген гумжардамды мыйзамсыз таркаткан жана кызмат абалынан пайдаланган, бийлик өкүлү - Каракулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына Тимур Камчыбеков экөө зордук-зомбулук көрсөткөн деген айып тагылган болчу. Ош шаардык спорт мектебинин деректири Тимур Камчыбеков шарттуу түрдө 1 жылга, Ош облгуберниясынын каржы-чарба башчысы Сеиткасым Жээнбеков шарттуу түрдө 3 жылга кесилди. Абакта жаткан Тезекбаевдин уюлдук телефону өчүк тургандыктан аны менен байланыш болбой жатат. Т.Камчыбеков үчөөнө ачылган кылмыш иши саясий мүнөздө экендигин, милиция жетекчисине кыр көрсөтүшпөгөнүн буга чейин билдирген эле. (YA)

XS
SM
MD
LG