Каржы полициясынын Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ислам Боровдун билдирүүсү боюнча, Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы аныкталып, тактала баштады. “Маселен, айыпталып жаткан Ишенбай Кадырбеков, Архитектура жана курулуш агенттигинде жетекчи болуп турганда өзүнө-өзү көп кабаттуу үй салганга уруксат сурап арыз жазып, кайра өзүнө-өзү уруксат берген чечим чыгарган. Ошентип жеке өзү 33 сотых жер алган”,- дейт И.Боров. Анын айтымында, азыркы тапта айыпталуучу Ишенбай Кадырбековдун көп кабаттуу үйлөр салынчу жерлердин өздүк баасын үч-төрт эсе көтөрүп жиберип, курулуш компанияларынан акча алган иш-аракеттери, жер титирөөдөн жабыр тарткан аймактарга мектептерди курууда кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттин мүлкүн өз кызыкчылыгында пайдаланган мыйзамсыз иштери аныкталып-такталуулда. Ошондой эле ал И.Кадырбековдун кармалышында эч кандай саясий өң-түс жоктугун, бул коррупцияга байланышкан кадимки эле кылмыш иши экендигин баса белгиледи. Ал эми тергөө абагында жаткан Ишенбай Кадырбеков, өзүнүн кармалышын саясий куугунтук катары эсептээрин айтып жатат. (IJz)