Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

17:56 Майлуусуу шаарында шишик оорулары көп жана суунун тең жарымы таза эмес


Уран калдыктары көмүлгөн шаарда быйыл шишик оорусу менен он киши жаңыдан катталган. Өткөн жылы 2006-жылга караганда аталган кеселге үч адам ашыкча чалдыккан. Шишик оорулуу адамдар арасында көз жумгандар да көп болууда. Былтыр мурдагы жылдагыдан шишик кеселдүүлөр өмүрү менен 5 пайызга арбын кош айтышкан. Мындай маалымат Жалалабат облусундагы медициналык статистика борборунан алынды. Ал эми бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында немис доктуру Хаген Гунтер Юнг Майлуусуудагы жер алдындагы жана дарыя сууларынын тең жарымы ичүүгө жараксыз экендигин билдирди. Ал жерде Германиянын өкмөтү менен республиканын өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки жылдан бери текшерүү өткөргөн. Алардын тең жарымындагы суудан 150 микрорентген, айрым жерлерде миң микрорентген табылган. (YA)

XS
SM
MD
LG